Батареянын коопсуздук нускамалары
-
2 ай мурун оозуңузга же тиш этиңизге операция
жасалган болсо, шайманды колдонуудан мурун
тиш догдурга кайрылыңыз.
-
Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка
түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды
колдонуудан мурун анын өндүрүүчүсүнө же
дарыгерге кайрылыңыз.
-
Эгер сизде медициналык маселелер бар болсо,
аны колдонуудан мурун дарыгериңиз менен
кеңешиңиз.
-
Бул шайман жеке колдонууга арналган түзмөк
жана аны стоматологиялык клиникаларда же
мекемелерде бир нече бейтапка колдонууга
болбойт.
-
Өнүмдү 5 °C жана 40 °C ортосундагы
температурада гана колдонуп жана сактаңыз.
-
Бул шайманда атайын билими бар адамдар
тарабынан гана алмаштырылуучу батарейкалар
колдонулат.
-
Өнүмдү анын багытталган максаты менен
колдонуңуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен
кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул
маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана
кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура
эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга
себеп болушу мүмкүн. Кошумча жабдуулар
өнүмдөрдүн түрүнө карап, айырмаланышы
мүмкүн.
-
Philips шайманынын түпнуска аксессуарларын
жана керек-жарактарын гана колдонуңуз.
WAAxxxx ажыратылуучу камсыздоо блогун гана
колдонуңуз.
-
Өнүмдү жана батарейкаларды оттон алыс кармап,
жана түз тийген күндүн нуруна жана
температурасы жогору ысыкта калтырбаңыз.
-
Эгерде өнүм адаттан тышкары ысып кетсе, же жыт
чыгара баштаса, түсү өзгөрсө же заряддоо убагы
мурдакыдай болбой, узарып калса, колдонбой
жана заряддабай туруп, Philips'ке кайрылыңыз.
427
Кыргызча