Одуракай жылмалоо: жакшы натыйжа алуу үчүн
30° - 40?C бурч менен иштөө керек.
Жылмалоочу тегерек менен кесүү:
Жылмалоочу тегерек менен кесип
жатканда ар дайым дисктин
айланышына каршы (сүрөттү
караңыз) иштөө керек. Болбосо,
машинанын кесилген жерден
көзөмөлсүз түшүп кетүү коркунучу жаралат.
Иштелип жаткан материалга ылайыкталган,
орточо күч менен иштөө керек. Өтө кыйшайууга,
ашыкча күч келтирүүгө жана машинаны
чайкоого жол бербеңиз.
Барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсү
менен жылмалоочу станоктор:
Станокту орто күч менен басып, даярдалма
материалдын үстүнкү бөлүгү өтө ысып кетпеши
үчүн алдыга, артка жылдырыңыз.
Зымдуу щеткалар менен иштөө:
Машинаны орточо күч менен басыңыз.
9. Тазалоо
Кыймылдаткычты тазалоо:
Иштетип жатканда машинанын
ичинде коштоочу чаң отуруп калышы мүмкүн.
Бул электр шайманын муздатууну начарлатат.
Ток өткөрүүчү чаң электр шайманынын коргоочу
изоляциясын бузуп, электр соккусун алуу
коркунучун жаратышы мүмкүн.
Бир ыктай убакыт аралыгында алдыңкы жана
арткы аба айлантуучу көзөнөктөр аркылуу
чаңды тазалап же кургак аба менен үйлөтүп
туруу керек. Ал үчүн электр шайманын электр
булагынан ажыратып, коргоочу көз айнек жана
респиратор кийүү зарыл.
Тутканы (9) тууралоочу баскыч: Зарыл болсо,
баскычтын кирин тазалаңыз же кургап аба
менен үлөтүңүз (басылган абалында, негизги
тутканын 3 абалында тең). Ал үчүн электр
шайманын электр булагынан ажыратып,
коргоочу көз айнек жана респиратор кийүү
зарыл.
10. Мүчүлүштүктөрдү оңдоо
Типтүү табагында "WE..." деп жазылган
машиналар:
- Ашыкча жүктөн коргоо: электрондук
сигнал индикатору (6) күйүп, күч келгенде
айлануу жыштыгы КАДИМКИДЕЙ азайат.
Кыймылдаткычтагы ашыкча температура!
Шайман муздагыча жана электрондук сигнал
индикатору өчкүчө, аны куру жүрүштө
иштетиңиз.
- Ашыкча жүктөн коргоо: электрондук
сигнал индикатору (6) күйүп, күч келгенде
айлануу жыштыгы КИЧИНЕ азайат. Электр
шайманына ашыкча күч келген. Электрондук
сигнал индикатору өчкүчө, төмөн күч менен
иштей бериңиз.
- Электрондук авариялык өчүрүү:
Электрондук сигнал индикатору (6) күйүп,
машина өзүнөн-өзү ӨЧҮП калат. Эгер
учурдагы өсүү ылдамдыгы өтө жогору болсо
(мисалы, күтүүсүздөн токтоп же тээп кеткенде)
машина өчүрүлөт. Өчүрүү баскычын басып,
жабдыкты өчүрүү (8). Мындан кийин аны кайра
күйгүзүп, кадимки режимде иштей бериш
керек. Кийинкиде блокко түшүрбөөгө
аракеттенгиле. Бул бөлүмдү караңыз: 4.2.
- Кайталап жүргүзүүдөн коргоо: электрондук
сигнал индикатору (6) БҮЛБҮЛДӨЙТ жана
электр шайманы иштебей калат. Кайталап
күйгүзүүнү бөгөттөөчү түзмөк иштеп кетет.
Машина күйгүзүлгөндө же кубаты
өчүрүлгөндөн кийин кайра берилгенде
шнурдун вилкасы сайылып турса, машина
жүргүзүлбөйт. Машинаны өчүрүп, кайра
күйгүзүңүз.
- Күйгүзгөндө электр шайманы жогорку
айлануу жыштыгына өтө тез жетет, б.а.
жүргүзүү тогунун автоматтык чектегичи
(жайдан күйгүзүү функциясы) иштебей калат.
Электрондук блокто ката бар; электрондук
блоктун функцияларына тийиштүү техникалык
коопсуздук боюнча башка көрсөтмөлөр жок.
Электр шайманын дароо оңдоого өткөрүңүз
(12. бөлүмүн караңыз).
W 22-180 MVT, W 22-230 MVT, W 24-180 MVT,
W 24-230 MVT, W 26-180 MVT, W 26-230 MVT:
- Күйгүзүү процесстеринде чыңалуу кыска
мөөнөткө түшүп калат. Тармактын
параметрлери ыңгайсыз болсо, башка
аспаптар бузулуп калышы мүмкүн. Тармактын
толук тоскоолдугу 0,2 Омго жетпесе, бузулуу
дээрлик орун албайт.
11. Аксессуарлар
Metabo фирмасынан чыккан түпнуска
тетиктерди гана колдонуу сунушталат.
Ушул баракчада келтирилген талаптарга жана
мүнөздөмөлөргө тийиштүү аксессуарларды
гана колдонгула.
Аксессуарларды бекем орнотуңуз. Электр
шайманын кармагычта иштетип жатканда:
электр шайманын бекем орнотуңуз. Башкарууну
жоготуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.
4-бетти карагыла.
A Сүрүүчү тегерек (коргоочу каптама
орнотулган абалда гана колдонуңуз)
B Табак түрүндөгү жылмалоочу тегерек
(коргоочу каптама орнотулган абалда гана
колдонуңуз)
C Кесүүчү тегерек үчүн коргоочу каптама.
D Кесүүчү тегерек (кесүүчү тегерек үчүн
коргоочу каптама орнотулган абалда гана
колдонуңуз)
E Алмаздуу кесүүчү тегеректер (кесүүчү
тегерек үчүн коргоочу каптама орнотулган
абалда гана колдонуңуз)
F Чөйчөк түрүндөгү жылмалоочу тегеректин
коргоочу каптамасы (шайманга орнотуп,
болт менен бекитиңиз (f). Жылмалоочу
чөйчөктү 7. бөлүмүндө сүрөттөлгөндөй
кылып бекитиңиз. Зарыл болсо, ийилген эки
штифтүү ачкычты колдонуңуз. Коргоочу
каптаманы жылмалоочу табак эң көп
КЫРГЫЗЧА ky
137