ky
КЫРГЫЗЧА
жылмалоочу машиналардан айырмаланып,
кошумча тирөөчү фланец талап кылынбайт.
Автобалансирдин тирөөчү фланецинин (4),
абразивдүү тегеректин жана (1) Quick
тирөөчү гайкасынын (13) же тирөөчү гайканын
бети таза болушу керек. Керек учурда аларды
тазалоо зарыл.
- Абразивдүү тегеректи автобалансирдин
тирөөчү (4) фланецине орнотуңуз. Абразивдүү
тегерек автобалансирдин тирөөчү фланецине
тегиз отурушу керек.
7.3
Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/
бошотуу (комплектациясына жараша)
Quick кыпчытма гайкасын (1) бекитүү:
Эгер кыпчытуу аймагындагы иш шайманы
8 мм ден калың болсо, Quick кыпчытма
гайкасын колдонууга болбойт! Андан соң
кыпчытма гайканы (13) эки көзөнөккө ачкыч
менен (14) бекитүү керек
Бир гана мандемсиз Quick кыпчытма
гайкасын колдонуңуз: жебе менен сырткы
шакекченин оюгу гана көрүнүшү керек (2-б., сүр.
караңыз).
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
- Quick кыпчытма гайкасын (1) шпинделге (3)
орнотуңуз. Сүрөттү караңыз, 2-бетте.
- Quick кыпчытма гайкасын саат жебеси боюнча
кол менен бекитиңиз.
- Жылмалоочу тегеректи күч менен саат жебеси
боюнча айлантуу аркылуу Quick кыпчытма
гайкасын бекитиңиз.
W...B... деп белгиленген машиналарда акыркы
180° күчтүү тоскоолдук менен коштолушу керек.
Quick кыпчытма гайкасын (1) бошотуу:
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
- Quick кыпчытма гайканы (1) саат жебесине
каршы бурап чечиңиз.
7.4
Кыпчытма гайканы бекитүү/бошотуу
(комплектациясына жараша)
Кыпчытма гайканы (13) бекитүү:
Кыпчытма гайканын 2 бети бири-биринен
айырмаланат. Контргайканы шпинделге
төмөнкүдөй кылып бураңыз:
2-бет, E сүрөтүн караңыз.
- A) Жука жылмалоочу тегеректер үчүн:
Кыпчытма гайканын хомуту (13) өйдө карап
тургандыктан, жука жылмалоочу тегеректи
бекем орнотууга болот.
B) Калың жылмалоочу тегеректер үчүн:
Кыпчытма гайканын хомуту (13) төмөн карап
тургандыктан, кыпчытма гайканы шпинделге
бекем орнотууга болот.
- Шпинделди бөгөттөңүз. Кыпчытма гайканы
(13) саат жебеси боюнча (14) ачкыч менен эки
көзөнөккө бекитиңиз.
136
W...B... деп белгиленген машиналарда акыркы
180° күчтүү тоскоолдук менен коштолушу керек.
Кыпчытма гайканы бошотуңуз:
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
Кыпчытма гайканы (13) саат жебесине каршы
(14) ачкыч менен бурап эки көзөнөктөн
чечиңиз.
8. Колдонуу
8.1
Күйгүзүү/Өчүрүү
Машинаны ар дайым эки колдоп кармоо
керек.
Адегенде шайманды күйгүзүп, андан соң
даярдалма материалга алып келүү керек.
Кокустан жүргүзүп алуудан сактануу үчүн:
вилка розеткада суурулуп кеткенде же
электр кубатында бузулуу орун алганда
машинаны өчүрүп коюу керек.
Узак убакытка күйгүзүлгөндө, машина
колдон бошотулганда да иштей берет.
Ошондуктан, машинаны ар дайым эки кол
менен туткасынан кармап, туруктуу абалга
жеткирип, андан соң жумушка көңүл буруу
керек.
Чаң же сүрүндү шайманга сорулуп
киришине жол бербеңиз. Машинаны
өчүргөндөн кийин кыймылдаткыч токтогондо
гана шнурду сууруш керек.
2-бет, A сүрөтүн караңыз.
Моменталдуу күйгүзүү:
Күйгүзүү: Бөгөттөгүчтү (7) жебенин багытында
жылдырып, которгуч баскычын (8)
басыңыз.
Өчүрүү: Которгуч (8) баскычын коё бериңиз.
Тынымсыз иштетүү (жабдылышына
жараша):
Күйгүзүү: Бөгөттөгүчтү (7) жебенин багытында
жылдырып, которгуч баскычын (8) басып,
кармап туруңуз. Эми машина күйгүзүлдү.
Эми которгуч баскычын бөгөттөө үчүн (7)
бөгөттөгүчтү дагы бир жолу жебе боюнча
(8) жылдырыңыз (тынымсыз иштетүү
режими)
Өчүрүү: Которгуч баскычын (8) басып, кайра коё
бериңиз.
W...B деп белгиленген машиналар:
Кыска мөөнөткө күйгүзүү (автотоктотуу
функциясы менен):
2-бет, B сүрөтүн караңыз.
Күйгүзүү: Которгуч баскычын (8) алдыга
жылдырып, которгучту өйдө карай (8)
басыңыз.
Өчүрүү: Которгуч (8) баскычын коё бериңиз.
8.2
Иш нускамалары
Жылмалоо:
Станокту орто күч менен басып, даярдалма
материалдын үстүнкү бөлүгү өтө ысып кетпеши
үчүн алдыга, артка жылдырыңыз.